Орто-Сай айылындагы жер астындагы газ түтүгүнөн чыккан газды жоюуга байланыштуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотту.

Буга байланыштуу  «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 25-29-апрелге чейин аталган аймакка ысык суу берүүнү токтотууга, тактап айтканда, Орто-Сай отканасын өчүрүүгө аргасыз.

Жеринде «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын оңдоочу бригадасы жана керектүү техникасы иштеп жатат. Иш бүтөөрү менен жылуулук энергиясын берүүнү кайра баштайбыз.

Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.