Будённый көчөсү канализациялык насостук станцияны орнотуу менен магистралдык канализация тармактарын куруу үчүн жабылат.

27-апрелден баштап канализациялык насостук станцияны орнотуу менен магистралдык канализация тармактарын куруу үчүн Будённый көчөсүнүн Чоң Чүй каналынан Славянская көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Курулуш иштери 5 этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этап — узундугу 310 погондук метр болгон магистралдык канализация тармактарын куруу. Курулушта диаметри 300 мм болгон түтүктөр колдонулат.

Курулуш иштерин подряддык уюм «Арай» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Курулушту ушул жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.