Свердлов районунда № 38 ОТК МГ базасында «Жол кыймылынын жаш инспектору» райондук кароо-сынагы болуп өттү.

Сынак балдардын жол-транспорттук травмаларын алдын алуу, мектеп окуучуларын жол кыймылынын мыйзамдуулугун сактаган, активдүү агитатор жана жол кыймылынын эрежелерин үгүттөөчү катары окутуу жана тарбиялоо максатында өткөрүлдү.

Мелдешке № 32, 46, 51, 52, ОТК МГ №67 жана № 89 орто мектептердин командалары катышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду №52 орто мектептин командасы, 2-орунду № 67 орто мектептин командасы жана 3-орунду № 51 орто мектептин командасы ээледи.