Чапталган жарнамаларды, кулактандырууларды  алып салуу иши башталды.

Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери жана кызматтары тарабынан жалпы кулактандырууларды тазалоо иштери башталып, 23 аялдама тазаланды, иш улантылат.

Борбор калаада акыркы жылдары дээрлик  коомдук транспорттун ар бир аялдамасына, мамыга, дубалга, тосмого, жадакалса бак-дарактарга ар кандай кулактандыруулар, жарнамалар чапталып келет.

Учурда айланабыздын көркүн бузган чаң баскан, кирдеген жарнамаларды  көрүп жатабыз.

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 107-беренесине ылайык, калктуу конушта  белгиленбеген жерлерге кулактандырууларды, баракчаларды, плакаттарды жана башка маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштыргандары үчүн  - жеке жактарга  1000 сом,  юридикалык жактар үчүн - 5000 сом өлчөмүндө айып салынат.

Ошондой эле борбор калаада Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 150 “Бишкек шаарынын аймагында тышкы жарнакты жана жарнак конструкцияларын жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомунда Бишкек шаарынын аймагындагы жарнак жана жарнак конструкцияларын жайгаштырууга чектөө киргизилген көчөлөр, аймактар жана жолдордун участоктору так көрсөтүлгөн.

Урматтуу шаардыктар! Жарнамалардын  ар кандай түрлөрүн жайгаштыруу эрежелерин сактоого чакырабыз, болбосо айып салуу чаралары колдонулат.