“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери  тарабынан Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын айланасындагы  сырткы жарыктандыруу түйүндөрүнө 38 даана чырактарды орнотуу менен бирге  оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.  

Эми филармониянын аймагын, бышык металлдан даярдалып,  сыртынан ысык боек менен капталган жаңы жарык диоддук чырактар жарыктандырат. Вандалдардын кылыктарынан коргой турган, чырактардын жарымынын үчтөн бир бөлүгүн камтыган атайын темир  корпусу жасалган.

Урматтуу шаардыктар! Эгер күтүлбөгөн жерден көчөңүз караңгы болуп калса, ишкананын авариялык диспетчердик кызматы сиз үчүн ар дайым иштейт.Тел ном: 0312 46-30-89,57-63-51, ошондой эле  WhatsApp 0777 902-115  аркылуу билдирүү  калтырсаңыз болот.