Бүгүн Чернобыль атомдук электр станциясындагы (ЧАЭС) аварияга 36 жыл толду. Бул окуяга байланыштуу Ю.Фучик атындагы сейил багында Чернобыль АЭСиндеги апаатты эскерүүнүн эл аралык күнүнө арналган иш-чара өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, КР Коргоо министринин орун басары полковник Алмазбек Карасартов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Ыдырова, «Чернобыль союзу» ардагерлеринин жана майыптарынын Бишкек шаардык коомдук бирикмесинин төрагасы Тилек Өмүрбеков катышты.

Митинг-реквиемдин катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерип, чернобылчылардын эстелигине гүл коюшту.

Учурда Бишкекте 245 Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюучулар жана алардын жесирлери жашайт, анын ичинен 169 майыптар, 61 Чернобыль катышуучуларынын жесирлери, 15 Чернобыль катышуучулары.

Эскерүү датасынын урматына Чернобыль АЭСинин майыптарына, жесирлерине жана Чернобыль АЭСинин катышуучуларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир жолку материалдык жардам төлөнөт. Бул максаттарга 1 миллион 530 миц сом каралган.