Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы жана «Тазалык» ишканасы менен биргеликте райондо уруксатсыз орнотулган  жарнама конструкцияларын алууну  улантууда.

Бул жолу Жибек-Жолу проспектисинин Манас проспектисинен Фучикке чейинки 30га жакын жарнак конструкциялары, көрнөк-жарнактар жана баннерлер алынып салынды.

Ошондой эле, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте Чүй проспектисинин Логвиненко көчөсүнөн  Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү мыйзам бузуулар бар курулуштардын ээлерине өз ыктыяры менен бузуу тууралуу эскертүүлөр берилди.

Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар  болот:

Свердлов району боюнча: 0705003137;
Октябрь району боюнча: 0551551745;
Биринчи май району боюнча: 0555404818;
Ленин району боюнча: 0550070505.