Чернобыль АЭСиндеги каргашалуу окуялардын 36 жылдыгынын алкагында борбордун төрт районунда тең катышуучуларга, Чернобыль АЭСинин майыптарына жана алардын жесирлерине бир жолку жардам көрсөтүү менен иш-чаралар өткөрүлдү.

№20 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясынын имаратында Октябрь акимиаты Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюучуларды эскерүү иш-чарасын өткөрдү. Иш-чарага КР «Союз-Чернобыль» коомдук уюмунун ардагерлери жана майыптары катышты. Октябрь району боюнча учурда 59 адам каттоодо турат.

Чернобыль АЭСиндеги авариянын 36 жылдыгына карата Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов ЧАЭС катышуучуларына  Ардак грамоталарды тапшырды. Аким эрдиги жана кайраттуулугу үчүн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалады. Ошондой эле концерт уюштурулуп, анда Муратааалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын студенттери өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Райондук администрациянын Ардак грамоталары төмөнкүлөргө тапшырылды:
- Аширбаев Замирбек Токтонович;
- Печелатов Александр Лаврентьевич;
- Жумабаев Жылкычы Жороевич;
- Сүйөркулов Акылбек Жумакеримович;
- Шарипов Элис Бейшекеевич;
- Ахметшин Минхарис Нургатаевич.

Свердлов районунда райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда  турган ЧАЭС катышуучуларына бир жолку материалдык жардам төлөп берүү каралууда. Бардык төлөмдөр почта бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Сооциалдык өнүктүрүү башкамалыгынын  каттоосунда бардыгы болуп 83 адам турат.

Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болуп калган 39 адам, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан 3 адам, жесир калган 15 адам каттоодо турат.