Биринчи май райондук администрациясында бир жолку материалдык жардам көрсөтүү маселелери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, МАБдын өкүлдөрү катышты.

Комиссиянын кароосуна райондун тургундарынын 11 арызы киргизилген. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү медициналык жардам көрсөтүү, тамак-аш жана ар кандай эң керектүү буюмдарды сатып алуу маселелерине тиешелүү болгон.

Материалдар жумасына бир жолу каралат. Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында 333 үй-бүлөгө 1 млн. 210 миң 500 сом материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, материалдык жардам көрсөтүү маселелерин кароодо арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, транспорт каражаттарынын, кыймылсыз мүлкүнүн болушу, ошондой эле башка булактардан жардам алуу эске алынат. Жардам үчүн жылына бир жолу кайрылса болот.

Урматтуу шаардыктар! Материалдык жардам көрсөтүү боюнча толук маалыматты райондук социалдык өнүктүрүү  башкармалыгына телефон аркылуу билүүгө болот:

- 0 (312) 670381 - Биринчи май райондук даректүү социалдык жардам бөлүмү;
- 0 (312) 36-03-35 - Свердлов райондук даректүү социалдык жардам бөлүмү;
- 0 (312) 65-37-48 - Ленин райондук даректүү социалдык жардам бөлүмү;
- 0 (312) 51-04-52 - Октябрь райондук даректүү социалдык жардам бөлүмү.