27-апрелде саат 15:00дө С.Чуйков үй-музейинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган «Эсибизде» көргөзмөсү ачылат.

Көргөзмө 2022-жылдын 27-майына чейин уланат.

Көргөзмөдө  Я.П. Храпковский, В. Тюрин, В.П. Жуков, Кыргыз Республикасынын эл артисти: О.М. Мануилова, Т.С. Усубалиев, В.А.Шестопала жана В.М. Кузнецова аттуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, сүрөтчүлөрдүн  эмгектери коюлган.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерди көргөзмөдө күтөбүз. Келиңиздер, өз өмүрлөрүн аябай, дүйнөбүздү коргогон согуштун катышуучуларына терең урматтоо жана ыраазычылык сезимин чогуу сезели.

Музей төмөнкү даректе жайгашкан:  Чуйков  көчөсү, №87 а, маалымат үчүн телефон: 30-33-64.