Свердлов районунда гранттар боюнча жыйын өттү.

Жыйынга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Шаршенбай уулу Р., Дайырбеков Т. жана комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Комиссия 2022-жылга гранттарды алууга арыз берүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды жана керектүү документтердин тизмелерин бекитти.

Гранттык каржылоого арыз берүү мөөнөтү 2022-жылдын майынан сентябрына чейин.

Маалымат үчүн: гранттар Бишкек шаарынын жана жергиликтүү жамааттардын аймактарын өнүктүрүүгө багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого жумшалат.
Бул программанын максаты - коомдук активдүүлүктү жогорулатуу жана шаардын турмушунун коммуналдык жана башка маселелерин өз алдынча чечүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.

Урматтуу шаардыктар! Грант алууну кааласаңыз, кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн төмөнкү даректер боюнча борбор калаанын акимияттарына кайрылыңыз:

- Биринчи май акимиаты Жибек Жолу проспектиси №348, 0312 325484, 0706 020757;
- Свердлов акимиаты Чүй проспектиси № 128, 0312 53-13-51, 0701 005-877;
- Ленин районунун акимиаты Чүй проспектиси №315, 0312 325484, 0552063244;
- Октябрь акимиаты Байтик Баатыр көчөсү, 17, 0312576392.