Октябрь районунун акими Азамат Дороевдин төрагалыгы астында райондун коллегиясынын отуруму болуп өттү.

Коллегиянын отурумуна КР Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Таалайбек Дайырбеков, Бишкек шаарынын вице-мэри Нурлан Шаршеналиев, Октябрь районунун муниципалдык администрация башчысынын орун басарлары жана райондук жана коммуналдык кызматтардын жетекчилери катышты.

Отурумда 2021-2022-жылдардагы жылытуу мезгилин  аяктоо маселеси жана 2022-2023-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдыктын жүрүшү, ошондой эле жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштер каралды.

Коллегиянын талкуусунун жүрүшүндө билим берүү уюмдарын жылытуу мезгилине даярдоо, конуштарды газдаштыруу, жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун өсүшү, жашы жете электердин укук бузууларды жасоодогу мугалимдердин жана ата-энелердин жоопкерчилиги жана башка маселелер көтөрүлдү.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча кийинки күз-кыш мезгилинен өтүүгө даярдык көрүү боюнча башчынын орун басары Омурбек Тайтелиевге кылдат иштерди жүргүзүү тапшырылды. Даярдоонун сапаты үчүн жоопкерчилик коммуналдык кызматтардын жана билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлгөн.

Ошондой эле рейддик иш-чараларды ИИБнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө  инспекциясы, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү, Билим берүү борбору жана райондук МАБ менен биргеликте күчөтүү тапшырылды.

Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча коллегия мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен тиешелүү токтомдор кабыл алынды.