Бишкек шаарынын 144 жылдык мааракесин утурлай өсүп келе жаткан муундарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында “Манас” балдар жана өспүрүмдөр уюмунун жетекчилери үчүн шаарыбыздын кооз жерлерине тарыхый экскурсия уюштурулду.

Балдарды гид коштоп жүрдү, ал автобустун маршруту боюнча маданий мурас объектилеринин курулушу тууралуу айтып берди.
Ошондой эле М.Фрунзенин үй-музейине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине баруу уюштурулду.

Свердлов районунун акимиаты “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” токтомунун алкагында элибиздин жана мамлекеттүүлүктүн тарыхын, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын биримдигин изилдөөгө багытталган иш-чараларды улантат.