Гидрометборбордун маалыматы боюнча, борбордо абанын температурасы төмөндөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Жамгыр дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизет.

Ушундан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объекттердин жанына токтотпоону суранат.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуздар, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850  кыска номерлерине кабарлаңыздар, ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номуру боюнча жөнөтүңүздөр.

Этият болуңуздар!