29-апрелде Бишкек шаарынын 144 жылдыгы белгиленет. Майрамдык датага арналган  иш-чаралар борбордун төрт районунда өткөрүлөт.

БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУ:

28-апрелде саат 14.00дө Бишкек шаардык карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык мекемесинин тургундарына майрамдык дасторкон жана концерттик программа тартууланат.

29-апрель күнү саат 9:00дө №29 мектепте баскетбол боюнча “Бишкек кубогун” өткөрүү пландалууда. Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстандан спортчулардын катышуусу күтүлүүдө.

29-апрелде саат 13:00дө Профессор Зима жана Безымянная көчөлөрүнүн кесилишинде "Ак-Босого" конушунда "Ыр кесе" ыр сынагы өткөрүлөт. Коноктор үчүн улуттук тамак-аштар коюлган боз үйлөр тигилет.  Ошондой эле улуттук жана спорттук оюндар жана элдик фольклордук чыгармалардын, "Шайыр апалар"элдик ансамблинин концерти уюштурулат.

29-апрелде саат 12.00 "Коломто" муниципалдык мекемесинде  туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн майрамдык сый тамак уюштурулат.

Мындан тышкары райондун мектептеринде "Менин сүйүктүү шаарым Бишкек", "Бишкек шаарынын тарыхы" темаларында класстык сааттар, лекциялар, сүрөт конкурстары уюштурулат.

ЛЕНИН РАЙОНУ:

25-апрелден баштап райондун жалпы билим берүү уюмдарында тематикалык класстык сааттар, ачык сабактар жана шаар күнүнө карата сынактар өткөрүлөт.

29-апрелде саат 10:00дө Горький көчөсү 18а дареги боюнча КМЮАнын корпусунда КМЮАнын жана футбол академиясынын колдоосу менен Ленин жана Аламүдүн райондорунун окуучуларынын ортосунда достук матчы өткөрүлөт.

29-апрель күнү саат 10:00дө жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары райондун аймагында жайгашкан тарыхый имараттарга экскурсия жасашат.

Ошол эле учурда "Аязат" кризистик борборунда майрамдык иш-чара өткөрүлөт.

СВЕРДЛОВ РАЙОНУ:


27-апрелде саат 08:30да мектеп активисттери үчүн маршруттук гиддин коштоосунда автобус менен тарыхый экскурсия уюштурулат: Акимиат – Цирк – М.Фрунзе атындагы музей – Кыргыз академиялык опера жана балет театры – Тарых музейи.

28-апрель күнү саат 09:00дөн 12:00гө чейин Акимиат - Шоро фирмасы - Куликовский КҮ маршруту боюнча өнөр жай ишканаларынын айланасында балдарга арналган экскурсия болот.

29-апрелде саат 10:00дөн 12:00гө чейин ЦУМда, Кыргыз академиялык опера жана балет театрында, «Кыргызтелеком» ААКсында шаардыктар үчүн шаардын тарыхын билүү боюнча сурамжылоо менен викторина уюштурулат.

Ошол эле учурда Чыгыш-5 кичи районунда "Чыгармачыл Арбат" аттуу көркөм сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп жатат. Ал жерде сүрөтчүлөрдүн аянты – мольберттердеги сүрөттөр, балдардын кол өнөрчүлүгү жана мектеп окуучуларынын сүрөттөрү көрсөтүлөт.

Райондун жалпы билим берүү уюмдарынын арасында класстык сааттар, викториналар жана окуу программасынын алкагында башка иш-чаралар өткөрүлөт.

ОКТЯБРЬ РАЙОНУ:

29-апрелде саат 11.00дөн 13.00гө чейин Ынтымак-2 сейил багында майрамдык концерт, элдик майрамдар, соода жарманкелери, улуттук тамак-аштардын фестивалы болот.

29-апрель күнү “Ынтымак-2” сейил багында саат 20.00дөн 23.00гө чейин “Скай Мобайл” ЖЧКсы Бишкек шаарынын күнүнө карата иш-чараларды уюштурууну пландаштырууда.


Райондун билим берүү уюмдарында «Менин сүйүктүү шаарым» кароо-сынактары, «Шаардын жазгы ойгонушу» сүрөт, дилбаяндардын сынагы өткөрүлөт. Райондун билим берүү уюмдарында класстык сааттарды жана ачык сабактарды: «Бишкекте жаз», «Мен өз шаарымды эмне үчүн сүйөм», мастер-класстарды, прикладдык искусство көргөзмөлөрүн, «Сармерден» кароо-сынагын жана спорттук мелдештерди өткөрүү пландаштырылууда.