А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрында жумуш издөөчүлөр, жогорку окуу жайлардын, колледждердин, кесиптик лицейлердин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш жана кесип жарманкеси ачылды. Ачылышка борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева катышты.

Иш-чаранын максаты - жарандарды, билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды жана жаштарды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн окутуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле жарандарга кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат берүү,  иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү болуп саналат.

Бош орундар жана кесип жарманкесине өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. 2000 бош орун сунуштаган 50 компания чакырылды.

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Бишкек шаары боюнча 3500, ал эми өлкөнүн аймактарынан 1300 бош орундарды сунуштады. Жалпысынан 6000ден ашык бош орундар бар.