Свердлов районунда шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында борбордук көчөлөрдүн жээгинде жайгашкан чарба субъекттерге жана турак жайларга имараттардын фасаддарын эстетикалык көрүнүшкө келтирүү боюнча 90дон ашык билдирүүлөр берилген.

Бүгүнкү күндө 10 штендер жана 23 жарнак такталары демонтаждалды.

Свердлов районундагы «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин 25 объектинин фасадынын алдын ала долбоорлору даярдалды.
Бүгүнкү күндө демөөрчү «Интер Текстиль» ЖЧКсынын колдоосу менен Чүй пр., 117 дарегиндеги турак жайдын фасады сырдалды.

«КРСУ» билим берүү мекемеси жана «UNYBOX» ЖЧКсы Чүй проспектисинин №42, 44 жана Абдрахманов көчөсүндөгү №141 имараттардын фасаддарын сырдашкан.

Ошондой эле, «Мега Строй» ЖЧК курулуш компаниясы жана «Ланьджоуски» кафесинин ээлери тарабынан имараттардын фасаддарын сырдоо үчүн 740 кг боёк берилди.

Калган объектилер боюнча чарбалык субъектилердин ээлери жана курулуш уюмдары менен иш жүрүп жатат.

Борбор калаанын мэриясы шаардыктарга имараттардын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.