Свердлов районунун жетекчилиги «Идеал Пласт» ЖЧКсынын жана «Имфико» ЖАКсынын ири өнөр жай ишканаларында болушту.

"Идеал Пласт" ЖЧКсы пластик жана алюминий терезелерди чыгарууга адистешкен.

"Имфико" ЖАКсы - сыра жана колбаса чыгаруучу компания.
Жыйында мекеме-ишканалардын жетекчилери өндүрүш иштери менен таанышып, ишканалардагы учурдагы абалга токтолушту.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар ишканалардын өндүрүштүк потенциалын жогорулатуу боюнча мындан аркы кызматташууну активдештирүү боюнча макулдашышты.