Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды кайрадан аныктады.

Тазалык тартибин камсыз кылбагандыгы үчүн КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, Л.Толстой көчөсүндөгү дүкөн, “Маб-Ула” (Токомбаев көчөсү №21/2) жана “Макро Констракшн” ( Темирязев көчөсү №100) ишканаларына айып салынды.

Өндүрүштүк жана тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге чыгаргандыгы үчүн 115-берене боюнча «Красный строитель» конушунун тургуну, Огонбаев көчөсүнүн тургуну, Осмонкул жана Салиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Восток» конок үйүнүн жашоочусу жоопкерчиликке тартылат. Ушул эле берененин 3-бөлүгү менен Ломоносов көчөсүнүн тургунуна тыюу салынган буюмдарды өрттөгөндүгү үчүн айып пул салынган. Аталган берене боюнча айып пул 5 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин каралган.

177-берененин 2-бөлүгүнө ылайык жолдун булганышына чаралар көрүлбөгөндүгү үчүн Огонбаев көчөсүнүн тургунуна 7 миң 500 сом айып салынды.

Бирок бардык тартип бузуучулар күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Андай иштер акыркы өкүм чыгаруу үчүн административдик комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланыштуу кайрылууларды  төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.