Биринчи май акимиаты чарбалык субъектилердин жана имараттардын ээлери менен фасаддын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Аткарылган иштердин алкагында Панфилов атындагы сейил багынын администрациясы кире беришин жаңылоо иштерин бүтүрүп жатат. Азыр оюн-зоок комплексинин кире бериши жаз деминдей керемет көрүнөт.

Ошондой эле борбор калаадагы эң эски имарат – Эркиндик бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Эркин-Тоо” басмаканасынын фасадын жаңылоо менен “Элит Хаус” курулуш компаниясы алектенүүдө.

Борбор калаанын мэриясы борбор шаарыбыздын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга көрсөткөн жардамы үчүн шаардыктарга жана уюмдарга ыраазычылык билдирет.