Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмду өнүктүрүү департаментинин маалыматына ыайык, №136 кичиавтобустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Эми «Трансгрупп-Коммуникэйшн» ЖЧКсы тейлеген каттам Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (РУПОИ) жайгашкан Шабдан көчөсүнөн түштүк тарапка каттайт.

Мындай чечим Арча-Бешик конушунун тургундарынын көптөгөн кайрылууларына, ошондой эле Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин жетекчилигинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусуна байланыштуу кабыл алынгды.

Бишкек шаардык ИИББгы боюнча МККБ тарабынан бекитилгенден кийин бул кичиавтобустук каттам бекитилген жол кыймылынын схемасы боюнча «Ак-Ордо жаңы конушу – Көк-Жар конушу” Шабдан Баатыр көчөсүнө кирүү менен каттайт.