Ленин районунда коомдук тамактануу жайларында "тамеки чегүү" боюнча рейддик текшерүү иштери улантылууда.

Ведомстволор аралык комиссия тарабынан рейд жүргүзүлүп,  тамеки, никотинди пайдалануу  кесепеттеринен жана курчап турган тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугуна зыян келтирип, укуктарын бузгандыгы жана талаптарды сактабагандыгы үчүн 4 көңүл ачуучу жайларга 52 миң сом суммасындагы протоколдор түзүлдү.

Ленин району боюнча 2022 - жылдын башынан бери Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору  тарабынан 182, 0 миң сомго, ал эми Ленин районунун ИИБ тарабынан-155,0 миң сомго протокол түзүлгөн.

Рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын " Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө " Мыйзамын аткаруу үчүн өткөрүлөт.