Шаардык саламаттык сактоо уюмдарында жашыл көчөттөрдү отургузуу активдүү жүрүп жатат.

Медициналык кызматкерлер күрөк жана чака менен куралданып, көчөттөрдү отургузушту. Мисалы, биринчи төрөт үйүндө 100дөн ашык роза жана 20 канна гүлдөрү отургузулган. Короону жакшыртуу эстафетасын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору алып, 500 гүл жана 20 бак отургузду. Андан кийин иш-чарага №2 клиникалык көп тармактуу ооруканасы кошулуп, 10 павлоний, 13 карагай жана 7 гибискус отургузулду. Роза, сирень, жасмин, дерен, спирея вангута, маж стела, лапина жана туя көчөттөрү менен үчүнчү балдар ооруканасынын аллеялары жана короосу кооздолду.

Шаардык стоматологиялык клиникалар жана үй-бүлөлүк медицина борборлору дагы четте калган жок. Кызматкерлер ар кандай түрдөгү гүлдөрдү жана бактарды отургузуп, көк майдан себишти, ошондой эле бадалдарды жана жашыл тосмолорду кыркышты.

Саламаттык сактоо уюмдары ар дайым аймакты тыкан жана таза сактоого убакыт бөлөт.

Белгилей кетсек, бардык көчөттөр «Жашыл Мурас» жашылдандыруу боюнча улуттук кампаниянын алкагында өткөрүлүүдө.

Борбор калаанын мэриясы шаарды жашылдандырууга кайдыгер карабаган шаардыктарга  жана уюмдарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Бул борбор калааны өнүктүрүүгө кошкон чоң салым жана урпактарга эң жакшы мурас.