Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы менен «Сорос-Кыргызстан» Фонду Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын каржылык колдоосу менен «Чогултулган маалыматтар негизинде иштеген 118 ыкчам байланыш кызматы аркылуу COVID-19га көңүл бурууну колдоо» долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду. 

Кыргыз Республикасындагы БУУнун каржылык (UNDP in the Kyrgyz Republic) колдоосу менен Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы «118 ыкчам байланыш» кызматын кеңейтилген функционалдуулугу менен туруктуу кызматка айландыруу үчүн акысыз каржылык жана техникалык жардам алат. Бул демилгенин аркасында жарандар бир гана COVID-19 эмес, башка оорулар боюнча да телефон аркылуу биринчи медициналык колдоо ала алышат. 

Кол коюлуп жаткан меморандумдун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фонду «118 ыкчам байланыш» кызматын керектүү жабдуулар менен (компьютердик жабдуулар, смартфондор, лицензиялык программалык камсыздоо ж.б.) жардам берет. Андан тышкары адистер тобун окутууда консультациялык колдоо көрсөтүп, ишти системалаштырууда, анын ичинде тренингдерди, мониторингди жана процессти колдоону камтыйт.

Жаңы долбоорго ылайык, «118 ыкчам байланыш» кызматынын операторлору жарандарга кененирээк түрдө күн сайын консультациялык жардам көрсөтөт, анын ичинде:  
  
-Биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн «118» телефону интернет байланышы же электрондук почта аркылуу келген кайрылууларды кабыл алуу;  
 -Bitrix системасынын маалымат базасында электрондук журналга жарандардын кайрылууларын (чалууларын) каттоо;  
-COVID-19 жана башка оорулар (гипертония, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, эндокриндик оорулар, жугуштуу оорулар жана коопсуз жүрүм-турум чаралары) боюнча пациенттерден суралган маалыматтарды берүү, соматикалык оорулар боюнча башка баштапкы консультацияларды берүү, белгиленген тартипте эпидемиологиялык анамнезди чогултуу, электрондук анкета толтуруу, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана алардын иш тартиби жөнүндө маалымат берүү;  
 -Бейтаптын абалын онлайн тез клиникалык баалоо жүргүзүү. Андан ары маалыматты мобилдик бригадага же үй-бүлөлүк дарыгерге өткөрүп берүү, алар өз кезегинде бейтапты дарылоо боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышат. Мисалы, аларды өзүнчө изоляцияга калтырып, кайрылуунун себебине жараша мобилдик топту же адисти жөнөтө алат;  
 -Мобилдик топтордун чыгуусу боюнча арыздардын өз убагында каралышын көзөмөлдөөнү камсыздоо ж.б.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын калкына  өз алдынча коронавирус диагнозун аныктоо боюнча ыкчам медициналык консультацияларды берүү үчүн 2020-жылдын 6-апрелинен тарта «Бейтап – колл-борбор – саламаттыкты сактоо системасы» 118  ишеним телефондору иштей баштаган.

01.01.2022-жылдан бери 118 колл-борборуна 21435 чалуу (2020-ж. - 124140, 2021-ж. - 128941) келип түшкөн, COVID-19 мобилдик топторуна -11522 учур (2020-ж. - 14437, 2021-ж.42083) жөнөтүлгөн.