Бишкек шаардык кеңеши тарабынан "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Шаар күнүнүн урматына  ардак грамоталар менен сыйланды.

Тактап айтканда 25 жылдан бери Бишкек троллейбус башкармалыгында айдоочу болуп эмгектенген Олег Махиевге жана 23 жылдан бери диспетчерлик кызматты аркалап келе жаткан Айгүл Жумагуловага ардак грамоталар тапшырылды.