Жакында №65 экологиялык-экономикалык лицейдин базасында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаковдун, РБББнын директору, ошондой эле райондук ардагерлер кеңешинин төрагасынын катышуусунда өттү.
Район башчысы урматтуу ардагерлерге терең таазим кылып, чың ден соолук, бакубатчылык жана тынчтык каалады.

Свердлов районунун мектептери музейлердин райондук  кароо-сынагына катышып, «Согуштук жана Эмгек даңкы» бурчтары жана стенддери менен сыйланышты. Натыйжада:

1-орун - №85 орто мектеп;
2-орун - №52 орто мектеп, №87 орто мектеп;
3-орун - №12 ОТК МГ, №67 ОТК МГ, №35 мектеп;

«Биздин  тарых» номинациясында - №33 МГ жеңди.