“Кыргыз деңизи” санаторийинде “Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу илимий жана ойлоп табуучулук долбоорлорунун эл аралык жаштар форуму өттү.

Сынактын максаты – билим берүүнүн жана илимий-техникалык чыгармачылыктын сапатын жогорулатууга, конструктордук, илимий-изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө, ошондой эле жаштардын келечектеги Кыргызстандын инженердик элита үчүн жашоодо чечим кабыл алууга практикалык катышуусуна көмөк көрсөтүү.

Форумга Кыргызстандын бардык аймактарынан келген таланттуу балдар, жогорку окуу жайлардын студенттери: И.Раззаков атындагы КМТУнун, Б. Ельцин атындагы  КОСУнун, Н.Исанов атындагы КМКТАУнун, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, ОшМУнун, ОшТУнун, ЖАГУнун өкүлдөрү катышты.

Сынакка түрдүү номинациялар боюнча илимий, илимий-техникалык жана ойлоп табуучулук долбоорлор сунушталып, астрономиялык турнир да өткөрүлдү.

Быйыл эл аралык жаштар форумунда биздин балдар менен Казакстан, Украина, Россия жана Өзбекстандын жаш техниктери, ойлоп табуучулары күч сынашты.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери I, II жана III даражадагы дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

«Жаңы теориялык иштеп чыгуулар жана моделдер» номинациясында №9 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Максим Макеев «Илимий-техникалык жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктөгү жетишкендиктери үчүн стипендия ыйгаруу жөнүндө» гран-при жана сертификат менен сыйланды.

«Приборлор, радиоаппаратуралар жана телекоммуникациялык системалар» номинациясы боюнча 1-орунду №65 экологиялык-экономикалык лицейинин 11-классынын  окуучусу Насирдинов Адилет жеңип алды,  ага 1-даражадагы диплом ыйгарылды;

«Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана программалоо» номинациясы боюнча 1-орунду Кусанов Баястан - №68 мектеп-гимназия окуу комплексинин 10-классынын окуучусу 1-даражадагы диплом менен сыйланды;

«Энергия жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар» номинациясында 2-орунду Ханлосан София - №9 окуу комплекс мектеп-гимназиясынын  10-классынын окуучусу жеңип алды жана II даражадагы диплом менен сыйланды;

«Жаңы теориялык иштеп чыгуулар жана моделдер» номинациясы боюнча – №63 мектеп гимназиясынын 9-классынын окуучусу Тилеков Айдарбек 2-орун алып – II даражадагы диплом ыйгарылды;

«Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана программалоо» номинациясы боюнча  -№67 мектеп-гимназия окуу комплексинин 9-классынын окуучусу Жердев Владимир 3-орунга ээ болуп, III даражадагы диплом менен сыйланды;

Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар» номинациясы боюнча – №69 мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу Бекзат Келгенбаев  3-орунду ээлеп, ага III даражадагы диплом ыйгарылды.

«Жаңы теориялык иштеп чыгуулар жана моделдер» номинациясы боюнча – №9 мектеп-гимназия окуу комплексинин 10-классынын окуучусу Жээнбекова Маржан «Кызыктуу техникалык чечим жана теориялык коргогону үчүн» дипломуна ээ болду;

«Стенддик моделдер» номинациясында №84 орто мектептин 9-классынын окуучусу Каныбекова Саламат «Кызыктуу техникалык чечими жана теориялык корголушу үчүн» дипломуна ээ болду.

Борбор калаанын мэриясы жаш бишкектиктерди жеңиши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.