Ыйык Рамазан айынын урматына көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Жардамды Свердлов районунун тургундары алышты.

«Smart generation» коомдук фондунун президенти Мохаммед Абеддин, Кыргыз Республикасынын Кувейт Эл аралык университетинин ректору Байсеркеев Аскарбектин, ошондой эле Свердлов районунун муниципалдык администрациясынын жардамы менен 200 үй-бүлөгө керектүү азык-түлүктөр салынган баштыктар жардам түрүндө  көрсөтүлдү.