Бишкектиктерди жана борбор калаанын конокторун шаар күнү менен космостон да куттукташты.

Бишкек шаарында туулуп-өскөн, азыр сыноочу- космонавт Сергей Корсаков Эл аралык космос станциясында Бишкек шаарынын желегинин фонунда  шаар тургундарын борбордун 144 жылдыгы менен куттуктады.

Бардык көрүүчүлөр үчүн экрандарда видеокуттуктоолор берилди.

Ю.А.Гагарин атындагы Сыноо-космонавттарды даярдоо борборунун сыноочу-космонавты Сергей Корсаков Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында 1-сентябрь 1984-жылы туулган. Тверь облусунун Кимры шаарындагы №2 гимназияны аяктагандан кийин Н.Э. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетине тапшырган.

2022-жылдын 18-мартында Байконур космодромунан №2 кеменин бортинженери катары «Союз МС-21» транспорттук башкарылган космостук кемеси менен Эл аралык космос станциясына учурулган. Учурда космостук учууда.