Биринчи май районунун акимиаты жаңы конуштардын инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча кайрымдуулук уюмдары менен иш алып барууну улантууда.

Биринчи май районундагы «Көлмө» жаңы конушунда фельдшердик-акушердик пунктту (ФАП) куруу боюнча келишимге кол коюлган.
Келишимге райондун башчысы Максатбек Сазыкулов, «Ассанабилл» коомдук кайрымдуулук фондунун директору Абделкарим Али М. кол коюшту.

Келишим боюнча подрядчы «Арч СС» ЖЧКсы тарабынан Максат көчөсү, 40а дарегине аянты 150 чарчы метрди  түзгөн  ФАП курулат,  6 айдын ичинде курулушту бүтүрүү пландалууда.

Кайрымдуулук фонду тарабынан 2 млн 700 миң сом өлчөмүндө акча каражат бөлүнөт.