Бишкектин мектептеринин директорлорунун  тарбия иштери боюнча орун басарлары менен шаардын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү.

Катышуучулар билим берүү чөйрөсүндө, үй-бүлөдө жана коомдо балдардын коопсуздугун жана социалдык-укуктук жактан корголушун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартибин талкуулашты. Мектептин ата-энелер жамааты менен өз ара аракеттенүүсүн, балдардын сабактан жана каникулдан кийинки, түнкү убактагы коопсуздугу үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү сунушталды.

Ошондой эле №68 окуу комплексинин базасында  Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ОББнын өкүлдөрүнүн катышуусунда райондук билим берүү борборлорунун директорлору, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлүп, жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жашы жете электердин арасында мушташуу жана башка коомго жат көрүнүштөрдүн көбөйүшү боюнча ведомстволор аралык биргелешкен кызматташуу жөнүндө жыйын болуп өттү.

Мектеп директорлоруна мектептерде болуп жаткан мыйзам бузуулар боюнча райондук билим берүү борборлоруна, шаардык бийликке, ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына маалымат берүү тапшырылды. Ошондой эле жоопкерчилик мектеп директорлоруна жана  тарбия иштери боюнча  мугалимдерге жүктөлөрү эскертилди.

Борбордук ички иштер башкармалыгынын кылмыштуулукту  алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө ИДНдин  ишин такай күчөтүүнү сунуштады.