Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын 80 англис тили мугалимдери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Англис тилин окутуу жаатындагы улуттук реформаларды колдоо” долбоорунун алкагында 2022 - жылдын апрель айынан тартып Лингва – инновациялык билим берүү коомдук фондунун тренерлери тарабынан тренингдерге катышып кесиптик квалификацияларын жогорулатып жатышат.

Долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ  Элчилиги тарабынан каржыланып, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жана Лингва - инновациялык билим берүү коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду.

Тренингдер Октябрь районунун мугалимдери үчүн №60 жалпы билим берүү уюмунда, Биринчи май районунун мугалимдери үчүн №27  жалпы билим берүү уюмунда,  Ленин районунун мугалимдери үчүн №74 мектеп лицейинде, Свердлов районунун мугалимдери үчүн №4 мектеп гимназиясында   ишемби күндөрү өткөрүлүүдө.