Бишкек шаарында балдарга жана окуучуларга карата укук бузуу фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу жумушчу топ түзүлүп, бул окуялардын келип чыгуу себептерин дыкат карап, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ар бир субъекттин жоопкерчилик даражасын аныктайт.
Билим берүү уюмдарынын жооптуу кызматкерлерине карата: сөгүш, эскертүү жана административдик жаза берилди. Белгилей кетсек, айрым фактылар боюнча тергөө амалдары аягына чыга электиги байланыштуу ата-энелерден жана укук коргоо органдарынан окуянын чоо-жайын ачыкка чыгарбоо өтүнүчү айтылган.

Укук бузуу фактылары аныкталганда дароо мектеп директорлору, мектеп директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары жана ИИБнын өкүлдөрүнүн катышуусунда социалдык педагогдор менен жыйын өткөрүлдү. Мектептерде мугалимдер жамааты жана ата-энелер коомчулугу менен жеринде жолугушуулар болду.

Урматтуу ата-энелер! Мектептен кийин бош убактыңызда балага өзгөчө көңүл буруп, анын жүргөн жерине көз салып турууңуздарды суранабыз.