Социалдык мекемелердин тургундары үчүн Жеңиш күнүнүн урматына майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Борбор калаанын мэриясы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата майрамдык программа даярдады. 6-майда саат 14:00дө Күрөңкеев көчөсү, 89 дарегинде шаардык «Ардагер» геронтологиялык борборунда 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган концерттик программа пландалган.

8-майда саат 10:00дө БМУнун Абай көчөсү 93 дарегинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган майрамдык концерт  болот. Курчатов 70 көчөсүндө саат 10:00дө Адаптациялык борбордун тарбиялануучуларынын катышуусунда майрамдык иш-чара өтөт. 8-майда саат 11:00дө Сатыбалдиев 97 дарегинде  «Айданек» жашы жете элек балдардын реинтеграция борборунун тарбиялануучуларынын катышуусунда майрамдык иш-чара болот.