Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, 4-майдан 24-майга чейин  Сүйүмбаев көчөсү, Чүй проспектисинен Огонбоев көчөсүнө чейин унаа кыймылы жарым-жартылай жабылат.

Бул жерде «АкНазЭлбилдинг» подряддык уюму «Бишкекглавархитектура» муниципалдык ишканасынын долбооруна, «Бишкектеплосеть» ААК тарабынан берилген техникалык шарттарга, ошондой эле жер иштерин жүргүзүү ордерине ылайык жылуулук камерасын куруу менен жылуулук тармагын төшөйт.

Жол жабылган учурда унаалар өтүүчү альтернативалык жолдор  Гоголь жана Осмонкул көчөлөрү.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз! Борбор калаанын жарандарынан жана конокторунан автотранспорт менен кыймылдын маршруттарын алдын ала ойлонуп көрүүнү суранабыз!