Бишкек шаарында боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.
Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков, вице-мэр Виктория Мозгачева, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин райондук кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев катышты.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгондорду бир мүнөт тыныгуу менен эскерип, курман болгон жоокерлердин мемориалына гүл коюлду.
Эске салсак, бул көрүстөнгө Улуу Ата Мекендик согуштун фронтунда жаракат алган  кыргыз, орус, украин, белоруссия, казак жана башка бир тууган элдердин 248 мыкты уулдарынын сөөктөрү коюлган.