Муниципалдык администрациялардын ыйгарым укуктарын күчөтүү, муниципалдык тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атынан өткөрүлгөн жолугушууларда айтылган жарандардын кайрылууларын эске алуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба департаменти аткарган тышкы жарыктандырууларды, ирригациялык системаларды, жолдорду тейлөө жана оңдоо, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, муниципалдык аймактарды жашылдандыруу, таштандыларды чыгаруу жаатында жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча иштер, Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондор боюнча муниципалдык административдик жетекчиилигине милдеттендирилет. 

Тиешелүү токтомго борбор калаанын мэри Э. М. Абдыкадыров кол койду. Бул буйрук 2022-жылдын 30-апрелинде күчүнө кирди.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри жана Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрине жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине жүктөлөт