Борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №20 мектептин кошумча имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү.

«Урматтуу шаардыктар! Сиздерди келе жаткан Жеңиш майрамы жана мектепке кошумча чоң имараттын курулушу менен куттуктайм. Объектти 15-сентябрга чейин пайдаланууга берүү үчүн үзгүлтүксүз улана турган курулуш иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну суранам. Мындай тапшырма КР Президенти тарабынан берилген», - деп белгиледи мэр.

Мектеп борбор калаанын чыгыш тарабында, №7 кичирайондо жайгашкан. Мектепке кошумча үч кабаттуу окуу корпусу жер төлөсү менен кошо салынат.

Жер тилкесинин аянты 2,3 га, кеңейтүү аянты 0,196 га.

Белгилей кетсек, баага имаратты бүтүрүү, тышкы инженердик тармактарды куруу жана жашылдандыруу да кирет.

Имаратты «Авангард Стайл» ЖЧКсы курат.