Саат 10:30да Виноградная жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде шаардык муз тебүүчү аянтчанын тушунда жол кырсыгы катталып, анда "Бишкексууканал" башкармалыгынын 2 кызматкери жабыркаган.

Авариялык бригада көчө канализациясынын тыгынын жоюу үчүн изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан учурда эки унаа сүзүшкөн. Окуя болгон жерге тез жардам жана МАИ кызматкерлери чакырылып, жабырлануучулар 4-шаардык ооруканага жеткирилди.

Белгилеп кетсек, оңдоо иштери унаа өтүүчү бөлүктө жүргүзүлгөн эмес жана жумушчулар атайын кийим жана сигналдык жилет кийип жүрүшкөн.

Урматтуу айдоочулар! Жолдордо сак болгула, ылдамдыкты жана жол эрежесин бузбагыла.