Ленин районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Улуу  Жеңиштин 77 жылдыгын майрамдоого карата Ленин районунун акимиаты Жаш Гвардия бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан Баатырлар аллеясында митинг-реквием өткөрдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев, Ленин районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Жаныш Тентиев, Ленин районунун аскер комиссары полковник Кудайберди уулу Дуулат, тылдын эмгекчилери, Ооган, Баткен согушунун катышуучулары жана райондун тургундары катышты.

Салтка ылайык, катышуучулар борбордук обелискке гүл коюшту, андан соң курман болгон жоокерлердин элесине   үч жолу ок атылды.

Митинг -реквием 8 эпизоддон турган театрлаштырылган спектакль менен коштолду.