Борбор калаада чоңдор арасында стол тенниси боюнча чемпионат аяктады.

Чемпионаттын максаты спорттун бул түрүн кеңири жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана сергек жашоо образын жайылтуу менен бирге 2022-жылы өтүүчү Кыргыз Республикасынын стол тенниси боюнча чемпионатына катышуу үчүн Бишкек шаарынын курама командасын тандоо болуп саналат.

Мелдешке 52 катышуучу (38 эркек, 14 аял) катышты:

Жалпысынан 5 комплект медаль ойнотулду: эркектер жана аялдар арасында жалгыз мелдеш, эркектер жана аялдар арасында жуптук мелдеш, аралаш жуптар арасындагы мелдеш.

Эркектер арасындагы жыйынтык боюнча:

-1-орун - Сагындыков Талгат (Стол үстүндөгү жана улуттук оюндар боюнча ОРАБӨСМ);
- 2-орун - Касымов Акылбек (Стол үстүндөгү жана улуттук оюндар боюнча ОРАБӨСМ);
- 3-орун - Кыдырбаев Азиз (Карвен спорт комплекси).

Аялдар арасында:
- 1-орун - Холикова Ситора (Стол үстүндөгү жана улуттук оюндар боюнча ОРАБӨСМ);
- 2-орун - Алиева Назгүл (Стол үстүндөгү жана улуттук оюндар боюнча ОРАБӨСМ);
- 3-орун - Уланбекова Аяна (ТП жана СВС боюнча  ОРАБӨСМ).

Жуптар:
Эркектер арасында:

- 1-орун - Сагындыков Талант / Сагындыков Талгат Стол үстүндөгү жана улуттук оюндар боюнча ОРАБӨСМ);
- 2-орун - Белоглазов Михаил / Кыдырбаев Азиз (Карвен СК);
- 3-орун - Касымов Акылбек / Осмонов Бектемир (Стол үстүндөгү жана улуттук оюндар боюнча ОРАБӨСМ);
- 3-орун - Калилов Акылбек / Тагайбеков Ырыскелди (Карвен СК).

Аялдар арасында:
-1-орун - Рустанбекова Керемет / Холикова Ситора (Стол үстүндөгү жана улуттук оюндар боюнча ОРАБӨСМ);
- 2-орун - Нурлан кызы Айсулуу / Уланбекова Аяна (ТП жана СВС боюнча  ОРАБӨСМ);
- 3-орун - Алиева Назира / Өмүралиев Алтынай (Стол үстүндөгү жана улуттук оюндар боюнча ОРАБӨСМ);
- 3-орун - Тынаева Аяна / Мураталиева Раяна (ТП жана СВС боюнча  ОРАБӨСМ).

Аралаш жуптар:
- 1-орун - Сагындыков Талгат / Холикова Ситора (Стол үстүндөгү жана улуттук оюндар боюнча ОРАБӨСМ);
- 2-орун - Касымов Акылбек / Юлдашева Сумая Стол үстүндөгү жана улуттук оюндар боюнча ОРАБӨСМ);
-3-орун - Касымов Атай / Тынаева Айзирек (Стол үстүндөгү жана улуттук оюндар боюнча ОРАБӨСМ);
-3-орун - Кыдырбаев Азиз / Нурлан кызы Айсулуу (Карвен СК  жана ТП жана СВС боюнча  ОРАБӨСМ).

Сагындыков Талгат жана Холикова Ситора абсолюттук чемпион болушту, алар Кыргыз Республикасынын алдыдагы чемпионатында Бишкек шаарынын командасын жетектейт.