Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Садыр Мамбетходжаевди зыярат кылып, Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Калаа башчысы ардагерге бир жолку акчалай жардам жана азык-түлүк себетин тапшырды.

Садыр Мамбетхожаев 1926-жылы 12-майда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ак-Жар айылында туулган. 1944-1945-жылдары согушка катышкан, Белоруссия фронтунда, 125-батыш аткычтар полкунда автомат аткыч болгон. 8 баланы тарбиялап өстүрүп, 33 небере, 35 чөбөрөсү бар.

Сыйлыктардын арасында II даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана «Германияны жеңгендиги үчүн», «Японияны жеңгендиги үчүн» медалдары бар.