Билим берүү башкармалыгы менен ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын биргелешкен буйругу менен Бишкек шаары боюнча   «Жол кыймылынын жаш инспектору» кароо-сынагы өткөрүлдү.

Сынактын райондук  этабында 1-2-орунду ээлеген №31,44,52,54,67,73,84 мектептердин командалары жол кыймылынын жаш инспектору  шаардык сынагына катышышты.

№67 окуу комплексинин  базасында шаардык ЖКЖИ сынагы өткөрүлдү.

Сынак: жаш жол кыймылын көзөмөлдөөчү, болочок айдоочу, жол белгилеринин өлкөсү, жол эрежелери боюнча эксперттер, жол кыймылынын жаш инспектору  отрядтарынын үгүт топторунун көрсөтүүсү, ошондой эле дубал гезиттерге сынак өткөрүлдү.
Сынактын жыйынтыгы боюнча:

1-орун - №73-орто мектеп;
2-орун - №84-орто мектеп;
3-орун - № 67 №67 ОТК МГ;
4-орун -№31 МГ.

Шаардык Жол кыймылынын жаш инспектору сынагына катышкан бардык командаларга дипломдор, оргтехника (ноутбук, компьютер, коп функциялуу принтер, портативдик колонкалар) жана сертификаттар тапшырылды.