Бишкекте Ленинград блокадачысы менен Ленинград блокадачылары кыргыз коомунун төрайымы Кутанова Анна Алексеевна менен коштошуу зыйнаты өттү.

Анна Кутанова 38 жыл мугалим болуп иштеген А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык колледжинде митинг-реквием жана  коштошуу аземи өткөрүлдү.

Ардагер менен коштошуу аземине КРнын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Виктор Харченко, Бишкек шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелис Бейшеев, Анна Кутанованын үй-бүлөсү жана жакындары катышты.

Кутанованын сөөгү борбор калаанын Түндүк көрүстөнүнө коюлат.

Бишкек шаарынын мэриясы Анна Алексеевна Кутанованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Анна Алексеевна чексиз чыдамкайлыктын, чексиз кайраттуулуктун жана эрктүү мүнөздүн үлгүсү. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.