«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын директору Чодонова А.К. «Арт-Фонарь» ЖЧКнын коммерциялык директору Егоров И.О. менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тышкы жарыктандыруунун заманбап системасын киргизүү маселелери талкууланды.

Сапаттуу, ылайыктуу электр материалдарын, сырткы жарык берүүчү мамыларды алуу маселелери да көтөрүлдү.

«Арт-Фонарь» ЖЧКсы эскизди иштеп чыгуудан баштап даяр продукцияны чогултууга чейин, чоюн фонарларды чыгарган ишканалардын бири  болуп саналат.