«Бишкекжашылчарба» жана «Тазалык» муниципалдык ишканалары сугаруу графигине ылайык жашыл аянттарды кошумча автоматтык түрдө сугарууну баштады.

Аптаптуу күндөрдүн башталышы менен «Бишкекжашылчарбанын» жумушчулары күнүн арыктардан  сугаруу менен баштап, автоматтык сугаруу менен аякташат. Абанын температурасы жогорулап, “жашыл” өсүмдүктөрдүн  ден соолугун сактоого муктаждык күч алууда.

Өсүмдүктөрдү кошумча сугаруу үчүн автоматтык сугарууга ылайыкталган 6 бирдик атайын унаа (суу ташыгычтар) тартылган. Ушундай бир унаада 8000 литр суу бар.

Атайын унаалардын жардамы менен Профсоюзная, Тыналиев, Абдрахманов, Тынчтык проспекти, Москва, Үсөнбаев көчөлөрүндөгү өсүмдүктөр сугарылат.

Эске сала кетсек, арыктарды сугаруу Манас-Бөкөнбаев, Тынчтык проспекти, Жаш Гвардия бульварында жана Эркиндик, Чолпон-Ата көчөлөрүндө параллелдүү түрдө күн сайын жүргүзүлүүдө.