Ала-Тоо аянтына 190 миң гүл отургузулду.

Көз жоосун алган кооздук «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жаралган.

Учурда гүлзарларда ачык күрөң тагетес, көк агератум, георгиндер, цинерария, бордо колеус, ак алиссум, кызыл сальвия жана башка гүлдөрдүн түрлөрү бар.

Ошондой эле 10 миң гүлдүн көчөтү  гүлдөр уурдалып, сынып же куурап калган учур үчүн резервде сакталып турат.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч, гүлдөргө этият мамиле кылгыла. Гүлдөрдү уурдоо фактыларына күбө болсоңуздар, дароо  милицияга кайрылыңыздар.