Борбор калаада Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бир айлык өтүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы 11-майдан 15-июнга чейин “Биздин балдар – планетанын келечеги!” деген ураан менен “Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бир айлык өткөрүү жөнүндө” буйрук чыгарды.

Бир айлыктын алкагында шаардык саламаттыкты сактоо уюмдары турмуштук оор кырдаалга кабылган, баш калкалоочу жайларда, интернаттарда жашаган балдарды акысыз тереңдетилген медициналык кароодон өткөрүшөт. Муктаж болгон балдар көрсөтмөлөр боюнча кошумча ОМС программасы боюнча дары-дармектер менен камсыз болушат.

Акимиаттар жана РИИБ менен биргеликте шаардын базарларында кароосуз калган жана иштеген балдарды аныктоо боюнча рейддик  иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, эмдөө (АДС-М) Улуттук эмдөө графиги жана муктаж болгон балдар үчүн ооз көңдөйүнүн санитариясы боюнча улантылууда.

Балдарга медициналык жардамды шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, шаардык стоматологиялык поликлиникалар, балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борбору көрсөтөт.

2022-жылдын 1-январына карата Бишкек шаарындагы ҮМБнын каттоосунда 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 3405 бала, 172 жетим бала, турмуштук оор кырдаалга кабылган 257 бала текшерүүдөн өткөн.