Октябрь районунун акими Азамат Дороев кезектеги пландык жыйын өткөрдү.

Жыйында башчынын пландык жыйындарда тапшырылган протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы, Бишкек шаарынын архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн жана анын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Октябрь районунун аймагында жайгашкан имараттардын фасаддары жөнүндө маалымат берилди.

Пландык  кеңешменин жыйынтыгы менен МАБдардын башчыларына «Тазалык», «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканалары,  «Комтранском» ЖЧКсы менен биргеликте  аймактарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Октябрь райондук билим берүү борборуна  мектептерге электрондук кабыл алуу иштерин сапаттуу жүргүзүү, ошондой эле Бишкек шаарынын Октябрь районунун билим берүү уюмдарында микроучастокторду  бекитүү  боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары, имараттардын фасадынын техникалык абалы талкууланды. Бул максатта жумушчу топтор түзүлүп, алар райондун аймагында иликтөө иштерин жүргүзүшөт.