Борбор калаада Чүй проспектиси, 124  дареги  жана  Панфилов көчөсү менен кесилишкен даректеги  имараттын сыртына Чыңгыз Айтматовдун атактуу “Кызыл алма” чыгармасындагы  каармандары, кыргыз киносунун белгилүү актерлору Сүймөнкул Чокморовдун жана  Таттыбубу Турсунбаеванын элеси түшүрүлгөн мурал пайда болду.

Имараттын капталын Джубили Кыргызстан  камсыздандыруу компаниясынын («Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company» ЖАК) тапшырыгы жана демилгеси менен стрит-арт сүрөтчүлөрү кооздоду.

Бул мурал имараттардын фасаддарын жаңылоонун алкагында орнотулуп, компаниянын 25 жылдыгына карата шаарга белек болуп саналат.

Муралды тартуу  иштери бир жуманын ичинде бүтөт.

Белгилей кетсек, сүрөттү тартуу Биринчи май райондук администрациясы жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси менен макулдашылган.